• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Курсанттар үчүн жаңы казарма курулду 

24 Баш оона 202422:46 Бишкек Govori.TV

 Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча адистерди даярдоо үчүн заманбап шарттардын маанилүүлүгүн белгилеп, окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик коргонуу саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

“Казарма — жөн эле имарат эмес. Бул жерде патриоттук дем, тартип жана кесипкөйлүк калыптанат. Биз курсанттарыбыздын билим алуусу жана кызмат өтөшү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кошумчалагандай, 416 орунга ылайыкталган жаңы казармада курсанттардын ыңгайлуу жашоосу жана окуусу үчүн бардык керектүү жабдуулар орнотулган. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 261 млн. сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 95