• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскер прокуратурасы Инандынын уурдалышы боюнча чек арачыларга карата кылмыш ишин козгоду

17 Баш оона 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

КРнын Аскер прокуратурасына Орхан Инандынын чек арадан мыйзамсыз өтүшүнө жол берген адамдардын кыймыл-аракеттерине юридикалык баа берүү, кылмыштын белгилери аныкталса, жазык жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү келтирилди. Мындай өтүнүч Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочулары тарабынан болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жактоочулардын арызы Жазык кодексинин «Шалаакылык» жана «Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу» беренелери менен катталып, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдашты.

Эске салсак, Кыргыз-Түрк «Сапат» лицейлеринин президенти Орхан Инанды Бишкек шаарында 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан кармалганын жарыялаган. Ага чейин КРнын укук коргоо органдары Орхан Инанды Кыргызстандын аймагында изделип жатканын кабарлап келген.

Количество просмотров: 1206