Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.
Маалымдалгандай, аны Аскер прокуратурасы кармаган, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
15-февралда социалдык тармактарда Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалыматтар тараган.
Элдар Жакыпбеков буга чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.