• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Асрандиев: Кытай Кыргызстандын карызды жеңилдетүү өтүнүчүнө жооп берди 

29 Чын куран 202013:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчүн донорлор түшүнүү менен кабыл алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, президент Сороонбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен «Эксимбанктын» алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшкөн.

«Кредиторлор түшүнүү менен мамиле кылууда. Өткөн аптада президент Кытай Эл Республикасынын лидери менен Экспорт-импорттук (“Эксимбанк”) банкынын алдындагы карыздын мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Билишимче, алар биз күткөндөй жооп берип, “Эксимбанктын” өкүлдөрү биздин адистер менен байланышып, учурда иш башталды”, — деди Асрандиев.

Количество просмотров: 3400