Өзгөчө абал режиминде баардык мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө коё берилсин. Бул тууралуу вице-премьер-министр Асрандиев билдирди.
“Баардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында Өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилине, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин”, — деди КР вице-премьер-министри Асрандиев.