Астана акимчилигинин ички саясат башкармалыгы өкмөт сунуштаган «Масс-медиа жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы митинг өткөрүү өтүнүчүн четке какты.
«Укуктук медиа-борбор» коомдук уюмунун юристи Гүлмира Биржанова билдиргендей, жумушчу топтун мүчөлөрү 18-февралда цирктин жанында митинг өткөрүү боюнча өтүнмө жолдогон. Шаршемби күнү кечинде акимчиликтен өтүнүчтү четке каккан жооп келген. Катта ал жерде башка иш-чара өткөрүлөрү айтылган.
Журналисттер коомчулугу мыйзам долбоору азыркы абалда кабыл алынса, ЖМК өкүлдөрүнүн иш-аракетин жана сөз эркиндигин олуттуу түрдө чектейт деп тынчсызданышууда.
Маселен, мыйзам долбооруна ылайык, журналист басма сөз картасын алууга тийиш. Бул картаны өкмөттүк комиссия берет. Карта алуу үчүн журналисттин кеминде үч жылдык эмгек тажрыйбасы, журналистика же ушуга окшош тармакта жогорку билими болууга тийиш. Диплому жоктор бул чөйрөдө кеминде беш жыл иштөөсү керек.
Мыйзам долбоорунда этика нормаларын бузган журналисттер картасынан ажыратылары жазылган.
Муну менен катар «өзгөчө шарттарда» тексттерди кызмат адамдары менен макулдашуу нормасы да киргизилүүдө.
Январь окуяларынан бир нече ай өткөндөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин кызыкчылыгын, коомчулуктун суроо-талабын жана медиа чөйрөдөгү өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен «ЖМК жөнүндө» мыйзамды кайра карап чыгуу зарылдыгын айткан. Кийинчерээк казак саясат таануучулары кеп сөз эркиндигин көзөмөлдөөнү күчөтүү жөнүнө болуп жатканын билдиришкен.
Талаштуу мыйзам долбоору 19-мартка белгиленген мажилистин жаңы курамы шайлангандан кийин каралышы мүмкүн.