• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Астанада «Алга, Казакстан!» партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү кармалды

7 Бештин айы 2023 10:41 Бишкек Govori.TV

Астанада 6-декабрь күнү кечинде каттоодон өтпөгөн оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Асет Абишев, Сергей Измайлов жана укук коргоочу Айдар Сыздыков кармалды. Бул тууралуу «Активисттер — экстремист эмес» мониторинг тобунун telegram-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандар шаардын Байконур райондук полиция бөлүмүнө жеткирилди.

NotExtremists каналы активисттерди кармоо учурунда аларга күч колдонулганын жазып, видео жарыялады. Анда Сыздыков аны ур-токмокко алып, курткасын айрып салышканын айткан. «Мени сабап, телефонумду алып коюшту», – деген ал полиция кызматкерлерин көрсөтүп.

Азырынча алардын кайсыл жерде, кандай шартта жана эмне себептен кармалганы белгисиз.

«Азаттыктын» казак кызматы шаршемби күнү кечинде кармалгандардын бири менен да байланыша алган эмес. Мындан тышкары журналисттер активисттердин кармалышы боюнча Астана шаардык полиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан да маалымат ала алышкан жок.

Күн мурун Асет Абишев, Сергей Измайлов жана адвокат Меиржан Доскараев Астанада басма сөз жыйынын өткөрүшкөн. Алар «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери, белгилүү марафончу Марат Жыланбаевдин ишинде бурмалоолор болгонун айтышкан.

Жыланбаев 29-ноябрда жабык өткөн отурумда «Тыюу салынган уюмду колдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын тарапташтары кылмыш ишин «буйрук» деп атап, ал саясий негиздер менен козголгонун айтып келишет.

Количество просмотров: 46