Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жеке ишкерлер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, зер буюмдарын аткезчилик жол менен ташыган факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Анын алкагында, бул кылмышка УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу далилдер табылган жана ал бир нече жолу суракка чакырылган.
УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шектелип жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды. Тергөө иштери уланууда.