• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Асылбек Жээнбеков, “Биз Атамбаевди коркконубуздан эмес ишенгенибизден колдогонбуз”

22 Жалган куран 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03. 2018.  Govori.TV
“Биз учурунда Алмазбек Атамбаевди коркконубуздан эмес, ага ишенген үчүн колдогонбуз. Ал дагы эми бизден шекшинбей, ишениши керек”. Бул сөздү Президенттин иниси ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясынын 20-марттагы жабык жыйынында айтканын “Азия Нюсь” гезити жазып чыкты.
Андагы макалага таянсак,  Фарид Ниязовго жыйын башталып жатканда эле депутат Рыскелди Момбеков бир тийип, “Биз, баарыбыз билебиз, макалаларды ким жаздырып, шайланган президентибизди жамандатып, партия биримдигин бузуп, мискенбайларды уюштуруп жатканын, ошонуңду токтот” деп эскертүү берген экен. Фарид Ниязов болсо Асылбектин мандаты күн тартибинде жоктугуна ишендирип, Өкмөттү азыраак сындоону ксдпчылардан суранганы жазылат.
Эске сала кетсек, буга чейин апрель баатыры делген Мээрбек Мискенбаев “Асылбек Жээнбеков шайлоо алдында айткан убадасына туруп, мандатын тапшырышы керек” деп айтып чыккан эле.
Количество просмотров: 35