• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Асылбек Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз түштү

22 Тогуздун айы 2019 9:49 Бишкек Govori.TV

КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековду кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул туурасында Султанбеков өзү Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Темирлан Султанбеков Асылбек Жээнбековго карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча эки берене менен кылмыш иши ачылыш керек деп билдирет. 

Сегодня Генеральная Прокуратура Кыргызской Республики приняла на рассмотрение мое заявление о привлечении к уголовной…

Опубликовано Темирланом Султанбековым Понедельник, 21 октября 2019 г.

«Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу формасы бекитилген. «КР ЖК Регламенти» Мыйзамынын 55-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мыйзам долбоолору 3 окууда кабыл алышы керек.  Бишкек ЖЭБи боюнча макулдашууну ратификациялаган мыйзам долбоору жок дегенде 1, 5 ай каралып,  анан кабыл алынышы керек эле. Бул убакыт аралыгында парламент депутаттары кемчиликтерин таап чыгып, оңдогонго жетишмек. Бирок ЖК ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен Жогорку Кеңеш бул мыйзамды бир күндүн ичинде кабыл алды. Мындан улам Жээнбеков мыйзамды бузуп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо КР мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган мыйзамдын негизинде ишке ашты. Буга ылайык, мен сизди Асылбек Жээнбековго карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, дароо камакка алууну, ал эми анын бардык туугандарын жана жакындарын тергөөгө басым кылбашы үчүн ээлеген кызматтарынан четтетүүнү суранам», -деп айтылат ал арызда. 

КСДП мүчөсүнүн айтымында, Башкы прокуратура арызды 21-октябрда 35028 номери менен каттоого алды.

Количество просмотров: 159