• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асылбек Жээнбековго каршы азыр Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү

22 Тогуздун айы 2019 19:09 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 21-октябрында Башкы прокуратурага келип түшкөн Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековду кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен интернет-кайрылуу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой кайрылууда КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбековдун Асылбек Жээнбековго карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча эки берене менен кылмыш иши ачылыш керек деген пикири айтылган. Эми ал Кайрылуу бүгүн 22-октябрда Аскер прокуратурасына жиберилген.

«Аталган кайрылуу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу сотко чейинки тергөөнүн алкагында кароо максатында Аскер прокуратурасына жиберилди», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 52