• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Асылкан Батырова: Социалдык көйгөйлөргө көңүл бургум келет

30 Чын куран 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген.

Алардын бири Асылкан Батырова Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылынан келген, 40 жашта.

«Экинчи чакырылышта депутат болуп жатам. Буга чейинки чакырылышты жалаң эркек депутаттар менен жалгыз айым болуп иштедим. Айылдын көйгөйлүү маселелерди чечүү аракеттерин көрдүк. Пандемияда айылыбызга дем алдыруучу аппараттарын алдык, элге колдон келген жардамдарды бердик.

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаты болдум. Алдыда пландарыбыз көп. Тренинг тууралуу угуп окууга барганга аябай кызыгып келдим. Негизи өзүм эле дайым изденүү менен жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылып келем. Келечекте айылга керектүү иштерди кылуубуз керек жана аракет кылабыз. Ошол эле жолдор маселесин да көтөргүм келет», — деди ал.

Количество просмотров: 85