• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Асынып алган аял менен кызынын өлүмү боюнча күйөөсү жана кайненеси соттолду

23 Аяк оона 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунун Каттакурган районунда 16 жаштагы кыз менен анын апасы сарайга асынып алышкан. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Sevimli телеканалынын репортажына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, апасы менен кызынын мындай кадамга баруусуна күйөөсү менен кайненесинин дайыма «уул төрөбөйсүң» деп басым жасап, кемсинткени себеп болгон.

Маркум аялдын күйөөсү менен кайненесине карата «Өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү» беренеси боюнча айып тагылды. Сотто күйөөсү аялы менен апасын элдештирүүгө аракет кылып, бир нече жолу маале жыйынына кайрылганын, бирок төрага жолугуудан качып койгонун билдирди.

Мындан тышкары ал былтыр ноябрда аялы дүкөндөн азык-түлүк карызга алып, кайненесинин атына жаздырып койгону үчүн электр зымы менен катуу сабаганын мойнуна алды. Андан соң ал жоопкерчиликке тартылбоо үчүн аялын үйдө дарыланууга көндүргөн.

Маркумдун кайненеси өткөн жылы декабрда келинине кол көтөрүп, бетине кайнак суу чачып жибергенин мойнуна алды.

Сот айыпталуучулардын экөөнү тең «Адамды өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты — күйөөсү жети жылга, кайненеси төрт жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 572