• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты

29 Жетинин айы 2021 8:45 Бишкек Govori.TV

28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым саясий партиялар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулушту. Лидерлердин айтымында добуштар бурмаланнып, оппозициянын добуштары уурдалды.

“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиясы бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов маалымат жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Бул партиялардын билдирүүлөрүн утурлай президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылган. «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жайгаштырган билдирүүдө ал партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды.

Количество просмотров: 3157