• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

«Ата Мекен» фракциясы лидерин тандады

27 Бештин айы 201915:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды.

Бул тууралуу Айсулуу Мамашева пикирин айтып, чечим күтүүсүз болгонун билдирди.

Экөө жетишээрлик добуш албай калганда, мага сунуш болду. Мен башында тамаша катары кабыл алдым. Шайланганда шок абалда болуп калдым. Лидер болгонго ниетим деле жок болчу», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидерин тандоо жүрүп, төрагалыкка сунушталган Садык Шер-Нияз жана Сайдулла Нишанов ар бири бештен добуз алышып, кайрадан шайлоо өткөрүшмөкчү болушкан. Натыйжада Мамашева лидер болуп бир добуштан шайланды.

Белгилүү болгондой, лидерди шайлоо «Ата Мекен» партиясынын штабында, жабык өтүп ММК өкүлдөрү чакырылып бирок киргизилген эмес.

Эске салсак, бүгүн партиянын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды жана «Ата-Мекен» партиясынан чыккандыгын да жарыялаган.

Билдирүүгө ылайык, Шыкмаматов өзү да бул маалыматты тастыктап, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан. Ошондой эле, ал өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу деп түшүндүргөн.

Количество просмотров: 827