• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Ата Мекен» мүчөсү Эльдар Абакиров митингде жараат алды

5 Тогуздун айы 202023:19 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Эльдар Абакиров үндүү гранатанын жарылганынан жараат алган. Бул тууралуу партиялаштары соцтармак аркылуу кабарлашты.  

https://www.facebook.com/seitek.kachkynbaev/posts/10160534894144488

Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанар Акаев да жараат алганы айтылган.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатууда. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.

Катышуучулар Өкмөт үйүнүн тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалаганы менен митингчилер кайра аянтка кирүү аракетин жасап жатат.

Количество просмотров: 234