• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

“Ата-Мекен” партиясы уюштурган митингде провокаторлор чырдады

23 Чын куран 201912:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

С. Жапаров, Ө.Текебаев жана Д. Чотоновду колдогон митингде “Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев сүйлөп жатканда, анын сөзүн бөлүүгө аракет кылгандар болду.

Эл арасынан чыккан адам К. Иманалиевге “трибунадан барып сүйлө”-деген сөзүнөн улам аталган жаран чагым салууга аракеттенип жатканын айтышып, козутууга жол бербегиле деген сыяктуу сөздөр айтылды.

Ал эми, өзүн Эржигит деп тааныштырган жогорудагы жаран мени “Атамбаевдин провокатору”- деп жарыялап менден микрофонду тартып алышты. Атамбаевди мен 6 жылдан бери сындап келгем, анан кантип анын провокатору болмок элем”,-деп түшүндүрмө берди.

Митингде “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү чырдашкандардан микрофонду алып коюшту.


Количество просмотров: 42