• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ата мекендик согуштун ардагери Шаймерден Керимбаев: Осмонбек Артыкбаев эл-журтту баккан адам

13 Бугу 2019 19:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.


Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев тууралуу жакшы сөзүн аябагандар көп болуп жатат, аны колдогондордун арасында карыялар дагы бар. Кетмен-Төбө аксакалдар кеңешинин төрагасы, карыя аксакал, Улуу Ата мекендик согуштун, эмгектин ардагери, Кыргыз телерадиоберүүсүнүн ардагери, КТРКнын отличниги Шаймерден Керимбаев эл өкүлү тууралуу өз оюн билдирди.


“Мен жалгыз эле Осмонбек Артыкбаев эмес, анын ата-бабасын дагы жакшы билем. Кетмен-Төбөдө кимдер кандай экенин, кимдер туура эмес жүрөт дегенди мен анализ кыла алам. Азыркы убакта аксакалдар, өзүбүзчө сүйлөшкөндө дагы айтып жатабыз, бизде депутат да болуп, бизнесмен да болуп, жамандык-жакшылыгыбызды дагы, оор түйшүгүбүздү көтөрүп, бизге жардам берип, аксакал деп, эли-журтубуз деп баарын караган адамыбызды отургузуп коюшканына ачыгын айтканда нааразыбыз. Мен жеке өзүм да ошентип эсептейм. Эмне үчүн дегенде мен аксакалдар менен сүйлөшөм отуруп алып талкуулайбыз ушундай адамды эмне үчүн отургузуш керек деп. Буга окшогон адамды отургузбай туруп, анализдеп, эл-журтка алып барып салыш керек. Мисалы, эгер бизге аксакалдарга кеңешсе биз айтмакбыз, жамандык жакшылыктарбызды көтөрүп жүргөн адам демекпиз. Жөнөкөй эле бир мисалды айтайын, Абды Сүйөркулов деген болгон совет министринин төрагасы болгон коомдук ишмер. Ушул кишинин 100 жылдык мааракесин өткөрүүнү мойнуна алып Токтогул, Кетмен-Төбөгө чейин барып, бүт чыгымдарын төлөп белгилеп берди.
Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси болду, бүт чыгашасын көтөрүп, биздей аксакалдарды чогултуп алып барып өткөрүп берди. Ушундай көп иш-чараларды өткөрүп, эл-журтуна пайдасын тийгизип келет. Ачыгын айтып коеюн бул таза жигит, мен өзүм дагы аксакалдар менен кеңешип президентке чейин барып маселе коелук деп жатабыз. Анткени депутаттын ак экендигин, чыр-чатагы жок, таза адам экенин биз жакшы билебиз. Кетмен-Төбө аксакалдар кеңешинин төрагасы, карыя аксакал, Улуу Ата мекендик согуштун, эмгектин ардагери катары, Кыргыз телерадиоберүүсүнүн ардагери катарында Осмонбек Артыкбаевдин ак экендигин ишенимдүү айта алам.
“Сот чечет, тергөө чечет” деген дежурный сөздөр бар. Бирок 90 жашка келгенде ким кара, ким ак экенин, ким жегич экенин жакшы билип ажыратабыз. Биздин кетментөбөлүк балдардын ичинен элди багып, элди караган депутаттык ишин так аткарган таза адам деп дагы бир ирет баса белгилеп айтам. Адамдарда капшап деген сөз бар, “тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү” болуп келгенде капшапка кирип калат. Мисалы, суу ташкындаса суунун жээгиндегинин баардыгын шыпырып кетет. Ошол сыяктуу бул капшапка эле туш болуп жаткан нерсе болду деп эсептейбиз. Артыкбаевдин министр болуп турганда дагы “алды, жеди” деген эч кандай нерсеси жок. Менин айтып жатканым бул киши эл-журтту баккан адам. Ата-бабасында байлык болгон эмес, завод фабрикасы, миңдеген коюу болбой эле элге кызмат кылган үй-бүлөнүн баласы. Бизнес баштап, бизнесин жакшынакай жүргүзүп, эч кандай чатагы жок иштеп келе жатат. Ага эч кандай нааразы адам жок, баары ыраазы. Мен аксакал киши катарында, 90 чыккан адам катарында кайсы жерде болбосун, соткобу, прокуроргобу, тергөөчүгөбү ак экенин айтып бере алам. Карыялар Осмонбек Артыкбаевди колдойбуз!”,-деп сөзүн жыйынтыктады 90 жаштагы аксакал.


Адвокат Нурлан Садыковдун, айтымында, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Артыкбаевдин күнөөсү жок,бул тууралуу тергөө маалында коргоо сотко берген көп сандаган документтер тастыктап турат.


“Биз ишин жактап жаткан адамдын күнөөсүз экендигин айгинелеген баардык далилдер бар. Ал ТЭЦбоюнча чечим кабыл алган эмес, ТЭЦке байланыштуу документтерге кол койгон эмес жана бул долбоорду колдогон эмес. Баардык чечимдер — компанияны тандоо, келишимдин суммасы, ошондой эле контрактын формасы ал министр болгонго чейинэле чечилген. Анан калса Артыкбаев модернизациянын өзүнө катышкан эмес. Модернизация башталганга чейин эле Артыкбаевди министр кызматынан алышкан”,-деп айтты адвокат.


Адвокат бугачейин тергөө Артыкбаев ТЭЦке байланышуу бир дагы документке кол койбогонун ырастаганын кошумчалады.


«Жогорку Кеңеште тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самудин уулу да Артыкбаев чечим кабыл албаганын тастыктаган. Министрлик болгону процедуралдык гана тапшырмаларды аткарган. Белгилүү болгондой ТЭЦти модернизациялоо чечими эки компаниянын — “Электр станциялары”менен ТВЕАнын ортосунда түзүлгөн. Министрликтин буга эч кандай тиешеси жок. Компаниянын акциялары Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Насыяга келе турган болсок ,аны Каржы министрлиги алган. Артыкбаевдин бул ишке катыштыгы жок”,-деп эсептейт адвокат

Количество просмотров: 19