• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Ата Мекендин» штабына келген белгисиз адамдар Текебаевге жолугууну талап кылышкан

21 Жетинин айы 2020 22:16 Бишкек Govori.TV

21-ноябрда түштөн кийин «Ата Мекен» партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салганын партия мүчөлөрү социалдык тармак аркылуу кабарлашты.

Штабды кайтарып отурган кызматкердин айтымында, алар партия лидери Өмүрбек Текебаевдин чыгып жолугуусун талап кылышкан.

Алар 15 мүнөттөй кыйкырып туруп, тарап кетишкен.

Штаб кызматкери «Фейсбукка» чыгарган видеодо айнек эшиктин сыртында бир канча адам турганын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 217