• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүүгө карата колдонулган кыйноо фактысы боюнча иши козголду

31 Тогуздун айы 201910:11 Бишкек Govori.TV

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүү жаранга карата колдонулган кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кыйноо» беренеси боюнча катталды. Бирок, милицияга шектенүү тууралуу билдирүү тапшырыла элек.

«Медет Бейшеков азырынча сурала элек. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында эч кандай тергөө аракеттери көрүлгөн жок», — деди жактоочу.

Эске салсак, май айында ырчынын апасынын үйүнө куралчан кишилер кирип, коркутуп ур-тепкиге алып, 60 миң доллар жана алтындарын алып кетишкен.

Количество просмотров: 22