• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Атабековдун жубайы жол кырсыгына кабылды

12 Теке 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековду өмүрлүк жары Мээрим Төлөпберген АКШда жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасына жазды.

Маалым болгондой ал кырсыктан жаракат алган эмес.

«Америкада биринчи жолу жол кырсыгына кабылдым. Унаанын багажниги, номуру жана бампери зыянга учурады. Абалым жакшы, болгону нес абалда болдум. Мени сүзгөн аял да жакшы. Ал алаксып кетип, аралыкты сактабай калыптыр. Кырсыктан кийин экөөбүз ал-абалыбызды сураштык, баары жакшы. Экөөбүз тең адекваттуу экенбиз. Ызы-чуусу жок тарадык. Ал аял күнөөсүн моюнуна алды. Эми бул окуя боюнча камсыздандыруу кампаниялары иш алып барат», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 12001