Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак учурунда өзүн жаман сезип, аны Тез жардам кызматы алып кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ш. Атаханов 18-июлда ИИМге чакырылган. Сурак маалында ал өзүн жаман сезип, укук коргоо органдары Тез жардам чакырган, ал ооруканага жеткирилген.
ЭСке салсак, буга чейинки сурак учурунда ал тергөө менен кызматташарын айтып, үй камагына чыгарылган эле. Кийин ИИМ билдирүү таратып, Атаханов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирген.
Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозу коюлуп, мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында шектүү катары