• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Атай Бейшенбек: Акылбек Жапаровдун кедейлик синдромунан айрылдык деген ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алгыла дегенди укпай келесиңер…

30 Жалган куран 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу маселе менен абакта жаткан активист Атай Бейшенебек түрмөдөн билдирүү жазды.

«Салам достор! Бир аз тыныгуудан кийин, СИЗО_BOOK долбоорун улантабыз! Биздин аракет , тилек , максат — мамлекетти башкарып жаткандар — ачык иштесин , элдин үнүн уксун , адам укуктарынын корголушун камсыздасын , сөз эркиндигин буубасын!

Мына учурунда Кумтөр жана аны башкаргандар тууралу канча жаздык , айттык , Мэриянын кызматкерлеринин айрымдары , жетекчилери айлыктарын мыйзамсыз көбөйтүп алды деп канча какшадык , Салык Кодекси чийки , карапайым соодагерлер аркылуу контрабанда менен күрөшүү абсурд деп айттык эле , дагы айтабыз…

Акылбек Жапаровдун консалидациялашкан бюджет , кедейлик синдромунан айрылдык деген абстрактуу ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алгыла деп канча айтсак , укпай келесинер… Баарын эле өз учурунда реакция кылбай — кийин иштин баары бүткөндөн кийин камап , туура — ууру , эскерткенбиз, дегенден кайтыш керек!

Жоопкерчиликти кеңири карасаңар…

Атай Бейшенбек СИЗО 1″,-деп жазат Атай Бейшенбек.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 1356