• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бузурманкуловдун жубайына карата сот өкүмү жокко чыкты

13 Жалган куран 2023 13:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп митингге чыккан Кемпир-Абад иши боюнча камактагы жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтоновага карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил кабарлады.

Райондук сот ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 128-беренеси менен айып койгон.

Быйыл 10-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары тынчтык митингине чыгышкан. Алар жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышкан. Бул акциянын катышуучуларын милиция кармап кетип, кайра коё берген.

Количество просмотров: 1713