• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атай Бейшенбек: Мыйзамсыз аракеттерге чакырык жасаган эмеспиз

9 Жетинин айы 2022 13:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

«Мыйзам үстөмдүк кылбаган коомдо өнүгүү болбойт. Мыйзамдуу, акыйкаттуу, адилеттүү саясатты ар дайым талап кылабыз. Биз мыйзамсыз аракеттерге чакырык жасаган эмеспиз», — деди ал.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Таалай Мадеминов, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Нурлан Асанбековдордун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 115