• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атай Бейшенбек: Травматология жана ортопедия борборуна байланыштуу чечимдин мыйзамдуулугу суроо жаратат

7 Бирдин айы 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү чечиминин мыйзамдуулугу суроо жаратат. Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек билдирди.

«Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору шаардык мэрия, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2004-жылы негизделгени айтылды. 2014-жылы министрлик толук каржылоону мамлекеттик бюджетке алып кетти. Ошол учурда министрлик баардыгын тартипке келтирип, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун өзүнүн карамагына алышы керек болчу. Анткени каржылоо республикалык бюджет аркылуу өтүп жатат, бирок ал аткарылган эмес. «Аталган борбор каяктан бизге караштуу болуп калды?» деп Бишкек шаарынын мэри, шаардык кеңеш таң калып жатса керек. Бул жерде мыйзамга дал келтире турган көп жагдайлар бар. Министр азыркы учурда реорганизация жүргүзүп, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун клиникалык тез жардам ооруканасы кылдык деген күндө деле Юстиция министрлиги каттабайт. Ал үчүн шаардык кеңеш жыйынга чогулуп, 3 тараптуу келишимди жокко чыгаруу менен мекемени Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүсү шарт»,-деди ал.

Количество просмотров: 1658