Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын “Тотем шоу” аталышындагы жаңы бий тобу Кытай мамлекетинде өткөн сынакта жарым финалга жолдомо алышты. Бул маалыматты бийчи фейсбук баракчасына жарыялады.
Ал эми буга чейинки чейрек финалда, бийчилердин “шамдагай абышкалар” аттуу номери залдагы отурган күйөрмандары менен калыстар тобун ынандырган эле.
Белгилей кетсек, А. Өмүрзаков 2010-жылы Россиянын биринчи каналындагы «Даңк мүнөтү» («Минута Славы»), «Украина таланттарга бай», «Чехия-Словакияда таланттар бар» долбоорлоруна катышып, алдыңкы орундарды багындырган.