• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Атайын репортаж: Аксы. 20 жылдан кийин

16 марта 2022 в 15:51 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 17-мартында, кыргыз тарыхында кара тамга менен калган, Аксы кандуу окуясына 20 жыл болот. Аксы окуясынын 20 жылдыгына арналган даректүү тасманы журналист Адил Турдукулов жана Булат Сатаркулов тарткан.

Тасма «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун архивдик материалдарына таянып тартылган.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Булак: Shaman TV.

Количество просмотров: 446