• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атайын репортаж: Партиялардын унутта калган убадалары… Жоопкерчилик кимде?

11 Тогуздун айы 2021 18:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыйынтыгы жокко чыккан Жогору Кеңешке шайлоо кайрадан белгиленип, кайталап шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоо тууралуу сөз болгондо эле партиялардын  үгүт иштери учурунда элге берген убадалары эске түшөт. Бирок берилген убадалардын көбү аткарылбасы айкын. Ал эми бул шайлоо жаңы мыйзамга ылайык аралаш система менен өткөнү турат, Айырмаланып бул шайлоодо элге берилчү убадалар мамлекеттик жана аймактык болуп бөлүнүп калат өңдүү.

Учурда ишин улантып жаткан ЖКнын 6-чакырылышы алты фракциядан куралган. Алар 2015-жылы парламенттик шайлоодо жарышка катышкан 14 партиянын арасынан суурулуп чыккан. «Политмер» интернет-сайты депутаттардын шайлоо алдындагы убадаларына беш жыл бою талдоо жүргүзгөн. Ага ылайык, 6-чакырылыштын депутаттары жалпы жонунан 500дөн ашуун убада беришкен, алардын көбү унутта калып, 30% гана аткарылды.

Депутат болууну көздөгөн талапкерлер өлкө аймагын түрө кыдырып, эл чогултуп кат-кат убадаларды беришет. Бирок бийликке келген соң алардын толук аткарылышына көзөмөл салган эч ким жок. Саясий талдоочу Табылды Акеров шайлоо алдында берилген убадалардын аткарылуусун коомчулук талап кылып баштаганда гана иш-жүзүнө аша турган убадалар берилмек деп эсептейт.

Депутат Айбек Осмоновдун айтымында талапкерлерлер пенсияны жогорулатабыз, айлыкты көтөрөбүз деген кулакка жагымдуу убадаларды берүунүн ордуна ал каражатты кайдан алабыз деген суроого да жооп беришсе туура болот.

Белгилей кетсек, жыйынтыгы жокко чыккан шайлоо алдында да партиялар тарабынан бир топ эле убадалар айтылган. Маселен, жеңишке жеткен партиялардын алдыңкы үчтүгүнүн катарына кирген «Мекеним Кыргызстан» партиясы «Бир өлкө – бир салык!», «Депутаттардын санын эки эсе азайтабыз!» деген чакырыктарды таштаган. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын «Чиновниктердин санын жана текшерүүлөрдү кескин кыскартабыз», «Балага сүйүнчүнү 50 миң сомго жеткиребиз», «Жылына эки млн. турист алып келебиз» десе, «Биримдик» партиясы болсо  «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу», «Социалдык мамлекет куруу», «Айлык акыны, пенсияны, жөлөкпулду жогорулатуу», «Мугалимдердин жана дарыгерлердин кадырлуу ордун калыбына келтирүү» деген чакырыктарды айтышкан.

Депутат Шайлообек Атазов белгилегендей партиялар тарабынан берилген куру убадалар элди алдаганга эле жатат.

Ал эми саясий эксперт Шаирбек Маматокторов убадалар аткарылбай жатканына кандайдыр бир деңгээлде шайлоочулардын да күнөөсү бар деп эсептейт. Себеби, шайлоочулардын көбү кайдыгер мамиле жасашат.

Учурда кайталап шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Бирок, алардын канчасы шайлоого катышуу укугун алаары азырынча белгисиз. Андан бир мандаттуу шайлоо ситемасы менен шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз жазган адамдардын саны 200гө чамалады.  Саясий серепчилердин айтымында жокко чыккан шайлоодо талапкер а түгүл жеңүүчү болгон адамдар эле кайра башка партия менен шайлоого барып жаткан учурлар бар. Мындан улам, ошол эле куру убадалар кайра айтылып, ошол эле мыйзам бузуулар кайрадан кайталанбайбы деген кооптонуулар да жок эмес.

Количество просмотров: 286