• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 75ке жетти

3 Аяк оона 202119:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, жазуу түрүндө билдирме тапшырган партиялардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Партиялардан билдирме кабыл алуу убактысы 18:00дө токтоду.

Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

Кыргызстанда паралменттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Количество просмотров: 284