• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атайын репортаж: Жаңы кодекстер сыноого тушукту

6 Баш оона 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

1-сентябрдан тартып өлкөдө жаңы кодекстер күчүнө кирет. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган кодексти өзгөртүүгө киришти. Аны Башкы прокуратура атайын түзүлгөн эксперттик топ менен бирге даярдады. Ал эми укук коргоочулар, юристтер жана башка эксперттер жумушчу топ сунуштаган долбоорду сынга алышты. Өзгөртүү сунушталган кодекстерде адам укугуна эмес, күч органдарына артыкчылык берилгенин белгилешти.

Прокуратура өтө маанилүү мамлекеттик орган. Бирок эми алар өз ыйгарым укуктарын прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамды даярдап күчөтүүнү чечкендей. Эл өкүлү Дастан Бекешев башкы көзөмөл органы өзүнө өтө көп укуктарды ыйгарып алды деп эсептейт.

Көз карандысыз журналисттер союзунун жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жаңы кодекстерде адам укуктарына, гуманизацияга каршы келген алешемдиктер бар экенине токтолду.

Ал эми Башкы көзөмөлдөөчү орган маалымдагандай, бул документтерди даярдаган эксперттик жумушчу топ кодекстердеги инсандын, юридикалык жактардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун иликтеген. Мындан тышкары органдардын милдеттерин эффективдүү аткаруудагы тоскоолдуктарды талдаган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзам долбоор эч бир органдын кызыкчылыгына багытталбаганын айтканы бар.

Бишкекте жазык-укук кодекстеринин жаңы долбоору парламент депутаттары, Башкы прокурор, президенттик администрациянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, юристтердин катышуусунда талкууланган. Деген менен долбоорго дээрлик жума сайын өзгөртүүлөр кирип жатты. Жаңы кодекстер тийиштүү анализ жүргүзүлбөй, концепциясы же стратегиясы жок, юристтердин нааразычылыгы эске алынбоо менен кыска убакыттын ичинде кабыл алынды.

Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган. Бирок ал өтөөсүнө жетпей өзгөртүүлөргө дуушар болду. Бүгүнкү мыйзам долбоору укуктук мамлекеттүүлүктү бекемдейт делген жаӊы кодекстердеги айрым нерселер ишке ашып-аша электе сыноого тушукту.

Количество просмотров: 327