• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Шайлоо алдындагы бузуулар менен убадалар. Эскилерден тажап, жаңыларга үмүт арткандар

24 Жетинин айы 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Ушу тапта Кыргызстандагы интернет айдыңын үгүт роликтер менен мемдер басты. Адатта агиткампания шайлоого жакын кызыйт. Талапкерлер жана партиялар азыр өздөрүн жарнамалоо менен гана алек болуп жатышкандай. Ал эми кооз баннерлерден тышкары, болочок депутаттардын кандай иш алып барары экинчи орунда калгансыйт. Саясат талдоочулар саясий партиялардын программалары маңдай жылытарлык эместигин айтышууда.

Бул жолку парламенттик шайлоо бир катар жаңы эрежелер менен өткөнү менен ага эски жүздөр дагы аттанды. БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов лидер өзүнүн партиясын таштап, башкалар менен шайлоого бара жаткан көрүнүштү сындап, төмөндөгүлөргө токтолду.

Өлкөдө шайлоонун кадырын кетирген чоң көйгөйлөр- административдик ресурсту колдонуу менен добуштарды сатып алуу. Буга чейинки парламенттик шайлоо так ушулардын кесепетинен жараксыз болуп, бийлик алмашуусуна чейин алып келген. Жаңы бийлик бул каталык кайталанбайт деп убада кылып, административдик ресурсту колдонууга каршы чараларды көрүп жатат. Бирок мыйзам бузуулардын аягы суюла элек.

Ошол эле чурда президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов бийликте административдик ресурсту таптакыр жоюуга саясий эрк бар экенин айтат.

Кыргызстанда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөнү турат. Ал жаңы Конституция жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Алдыдагы шайлоодо кайсы партиялар келет жана кандай жыйынтыктар болжолдонууда? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык.

Жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө бир нече шайлоо өттү. Коомдо «эскилерден тажап, жаңылардан үмүт арткандар» көп. Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш кандай болот? деген суроо бүйүр кызытып жаткан кези. Деген менен шайлоо өнөктүгүндөгү бузууларды, жаңы партия менен шайлоого аттанган баягы эле эски жүздөрдү алып караганда 7-чакырылыштагы парламент мурункудан кем калышпайт дегендер бар.

Количество просмотров: 368