• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атайын репортаж: Талапкерлердин жоосунсуз жоруктары менен коштолгон үгүт өнөктүгү…

11 Жетинин айы 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурда кызуу журуп жатат. Партиялардын бири-бирине кескин чабуулдары, айрым каралоолору да чыгып жатканы бар. Белгилей кетсек, атаандаш саясий партиялар бир нече кун мурун гана шайлоону таза өткөрүү, өз ара каралоодон кармануу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Бирок, бул арада ар түрдүу мыйзам бузуулар да катталып жатканы кабарланды. Үгүт өнөктүгүнүн алкагындагы мыйзам бузууларга көзөмөл кылган Ички иштер министрлиги ушул күнгө чейин 73 мыйзам бузуу фактысы катталганын билдирди.

Нет описания.

Эксперттердин айтымында ар бир эле шайлоо процесси мыйзам бузуулар, чырлар, тирештер менен коштолот. Ал эми бул жолку шайлоо да көнгөн адаттан кайткан жок. Шайлоо өнөктүгү баштала элек жатып эле элдин көңулүн бурган бир катар көрүнүштөр орун алды.

 Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон чыккан ача кептер, өлкөнүн сот системасына зыянын тийгизди. Ал эми Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго карындашын колдоп жазган билдирүүсунөн улам, Борбордук шайлоо комиссиясына чара көрүү демилгеси айтылды. Мындан сырткары шайлоочуларды сатып алуу аракети болуп жатканы тууралуу да билдирүүлөр жок эмес, коомчулукта шайлоого аттанган партиялардын бири Гүлчөдө жыйын куруп, тургундарга бензинге талон таратканы сыңары бир катар маалыматтар тароодо. Ал эми “Эл үмүтү” партиясынын атын атагысы келбен демөөрчүлөрү берген акча каражатынын тегерегиндеги чыр, аталган партиянын өлкө башчынын үй бүлөсү менен байланышы бар деген кептерди жаратты.

Бул арада үгүт иштеринде мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу бир катар жетекчилер кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун каарына бул жолу Ош мамлекеттик университетинин ректору, педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу калды.

Катталган мыйзам бузуулардан улам Боршайкомдун да дарегине да сындар айтылаары маалым. Ал эми БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында мыйзамдуулукту сактоо бир эле тараптан көз каранды болбойт.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров «Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Өлкө башчы таза шайлоо өткөрүү үчүн бийлик баардык аракетти кылып жатканын белгилеп өткөн эле.  Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында бир катар көрүнүштөр бар, бирок мурунку шайлоолорго салыштырмалуу азыраак экенин белгилейт.

Бул жолку шайлоодо үгүт иши солгун болуп жатканы айтылды. Мурункудай көчө толо баннерлер деле илинген жок. Ал эми телерадио, гезит сыңары салттуу маалымат каражаттары аркылуу үгүт жүргүзүү  ишин соцтармактагы фейк, троллдор колго алды. Ал эми талапкерлердин мандатка жетүү аракети жоосунсуз жоктар менен коштолууда. Бири рэп окуса, дагы бири кызына күйөө издеп, сынак жарыялады.

Ал эми УКМКнын башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев добуш сатып алуу аркетине даярдыктар жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар  бар экенин айтып, талапкерлерге эскертүүсүн берди.

Аралаш система менен өтүү алдында турган парламенттик шайлоодо бирдиктүү округдан  21 партия ал эми бир мандаттуу округдардан жалпы 302 талапкер үгүт ишин жүргүзүшүүдө.  Учурда талапкерлер өлкөнү түрө кыдырып, программалары менен тааныштырып, эл  өкүлү болуп калса, шайлоочулары үчүн кандай казмат кылаары жөнүндө убадаларды беришүүдө.

Количество просмотров: 734