• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атайын репортаж: Эскертүүлөр менен акыркы тизме. Шайлоо алдындагы окуялар

5 Жетинин айы 2021 19:35 Бишкек Govori.TV

Быйыл 28-ноярбда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өтөт. Ага ылайык, 29-октябрда 30 күндүк үгүт иштери башталган. Парламент депутаттары шайлоонун үгүт маалында дагы иштей турган болду. Жыйында депутаттар бир ай бою парламент имаратынан тышта — шайлоочулар менен иштейт деген токтом долбоору колдоо тапкан жок. Парламенттин үгүт учурунда иштеши, шайлоого аттанган депутаттар парламент трибунасын шайлоо кампаниясына колдонушу мүмкүн деген сөздөрдү жаратууда. Ал ортодо Жогорку Кеңештин төрагасы жөнүндө маселе жаралды.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Бул жүйө менен Боршайком парламенттик шайлоого бара жаткан төрага Талант Мамытовду каттоодон баш тартты.

Деген менен Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарып, Мамытовдун пайдасына чечим чыгарды. Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Сот арызды карап, БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарып койду.

Ал арада президент Садыр Жапаров «Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Өлкө башчынын жарлыгында Министрлер кабинетине, Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, Тышкы иштер министрлигине шайлоону өткөрүү боюнча тийиштүү талаптарды койду. Көп өтпөй, БШК абактагы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо менен мындан аркы иш соттун колунда экенин айтышкан. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК талапкер катары каттаган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековду камактан чыгарган жок.

Ал эми саясат талдоочу Табалды Акеров шайлоо алдындагы үгүт иштеринде болуп жаткан мүчүлүштүктөргө тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар тууралуу 20дан ашык арыз-даттануу келип түштү. Арасында үгүт эрежесин бузуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу кайрылуулар бар.

Бүгүнкү күндө 21 партия каттоодон өтүп, бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер үгүт ишине кое берилген. Анткен менен 5-ноябрга карата маалымат боюнча 305 талапкер калды.

Кыргызстанда Жогорку кеңешке шайлоо алдындагы үгүт иштери мурдакыга салыштырмалуу солгун жүрүп жатканын айткандар жок эмес. Бирок алдыдагы шайлоодо татыктуулар менен партиялардын дараметин шайлоочулар таразалап аларына үмүт чоң.

Количество просмотров: 690