Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын утурлай китепкана тарабынан уюштурулган сүрөт көргөзмөнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Таалайбек Тургунов баштаган театрдын артисттери, жаштар катышты. Алар атактуу актрисанын өмүр жолун, кыргыз театр өнөрүндөгү өчпөс ордун эскеришти.
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, Лопе де Веганын «Койлуу булак» драмасында Лауренсиянын ролун аткарып, сахнага 13 жашында чыккан. Кино жаатына биринчилерден болуп 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу «Салтанат» тасмасына башкы ролду ойноп тартылып, аралашкан.
Жогоруда белгилегендей, атактуу актрисанын быйыл 100 жылдыгы. 100 жылдык мааракени белгилөө боюнча азыркы учурда аракеттер көрүлүп жаткандыгы кошумчаланды.