• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес!». Чолпонбаевдин уулу билдирүү таратты

11 Теке 20201:32 Бишкек Govori.TV

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ооруп калды. Бул тууралуу экс-минстрдин уулу Эркин Чолпонбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу эл- журт!
ФБ дагы комментарийлерди окуп отуруп унчукпай кое албадым!
Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп үй шартында дарыланып жатканына карабай финполициянын суроолоруна жооп бериш үчүн барган, ГСБЭПтен чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 12. 00де чыдабай калганынан тез жардам чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер пневмония 2 тараптуу, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюшуп дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтаарым: менин атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес! Кудай буюруп сакайып чыкса бардык суроолорго жооп берет. Андыктан атам тууралуу негатив маалымат таратпай сабыр кылып турууңуздарды суранам! Бул пандемия менен күрөшүүнүн жол-жобосуна мамлекет даяр болбогондугун, ага убакыт жана тажрыйба керек болгондугун жакшы билесиздер. Бардык жоопкерчиликти бир кишиге үйүп салуу да туура эмес деп эсептейм. Ошол себептен атамдын саламаттыгы тууралуу так маалымат берип коюуну туура кордум. Эн башкысы оору- сыркоодон алыс болуп, жакын адамдарыбыз менен аман бололу. Менин атам эч качан мыйзамсыз иштерди жасаганга бармак эмес. Себеби биздин жер карашыбызды кааламак эмес!», — деп жазган ал.

Буга чейин К.Чолпонбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматка2 жолу суракка чакырылган. Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата март айында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө факты катталган.

К.Чолпонбаев 2018-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылы 1-апрелде кызматынан бошотулган болчу.

Количество просмотров: 3489