Бишкек. 09.08.2019. Govori.TV
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, 26-августка чейин абакта калтырды. Бул туурасында анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Адовкаттын айтымында, Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи райондук соттун судьясы караган. Соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен.
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков
Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.