Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов кабар алды.
Сулаймановдун айтымында мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз олтурат жана анын эч кандай дооматы жок.
«Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Жактоочусу да кирип-чыгып атыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай атам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок» деди»,-деп билдирди Сулайманов.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.
13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Бүгүн Атамбаевге Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши боюнча маалымдама берилгени белгилүү болду.