Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карады. Отурум ачык өтүп, Кой-Таш айылындагы жер тилкелеринин берилиши боюнча иш каралды.
Ага Атамбаевдин туугандары жана тарапташтары келген. Сот кеңешмеге кирип кеткенде Атамбаев кармалып жаткан абактагы шарттар тууралуу айтты.
«Азыркы шарт жалгыз кармалып отурганга караганда кыйла жакшы. Бирок баардык абактарда криминалдардын жашоо-шарттары меникинен кем эмес»,-деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев ЖАМКтын №1 тергөө абагынан №47 абакка 27-октябрь күнү которулган.