• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаев ачкачылыгын токтотту

28 Тогуздун айы 2020 19:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев  №47 колонияга которулду. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

Анын айтымында, Атамбаев ачкачылыгын токтотту, азыркы кармалган жаза өтөө мекемесинин абалына нааразылыгы жок.

Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына которулган. Ага чейин УКМКнын тергөө абагында болчу.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаев №1 тергөө абагынын жер төлөсүндөгү суук, канализация иштебеген камерага жаткырышкан. Ал буга нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда атайын операция менен кармалган. Ал учурда үч кылмыш иши боюнча айыпталууда: Кой-Таш окуялары; кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу; мыйзамсыз баюу.

Батукаевдин иши боюнча соттук процесс өтүп жатат, акыркы отурум 16-ноябрга белгиленген.

Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып кеткен күнү Атамбаев да абактан бошотулган, 10-октябрда кайра камакка алынган.

Количество просмотров: 27