Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айдоочулук күбөлүктөн ажыратылгандардын тизмесинде Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнү бар.
Андагы маалыматка ылайык, Атамбаевдин автоунаа айдоого уруксат берчү документи ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган.

Белгилей кетсек, тизмедеги адамдын аты-жөнү экс-президенттикине дал келет. КСДП бул боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын айтты.
Сайтта Атамбаевдин тушунда 231/1 беренеси көрсөтүлгөн, бирок кайсы кодекс экени жазылган эмес. ЖКККББнын маалымат кызматы 231/1 беренеси менен («Транспорт каражатын мас абалында айдоо») тартип бузгандар буга чейин жазаланып келгенин белгиледи.

«Мындай болушу мүмкүн эмес. Бул Административдик кодекстин беренеси, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүн жоготкон», — деп кийинчерээк түшүндүрмө берилерин айтышты.
Айта кетчү жагдай, тизмеде Атамбаев эле аталган берене менен күбөлүктөн ажыратылды деп турат.
Булак: