• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев аны коргоп жаткан элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту

26 Кулжа 201912:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту.

Анын тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган.

Атамбаевдин «Апрель» телеканалы шаршембиде «Саясий туткундарды колдоо» телемарафонун уюштурду.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартуу үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын үч депутаты жана партиянын юристи депутаттык комиссиянын ишмердигине нааразы болуп Конституциялык палатага кайрылды.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 12