• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Атамбаев: Бийлик Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө умтулганын түшүнөм

15 Бирдин айы 202314:31 Бишкек Govori.TV

Камактан чыккан мурунку президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өз пикир менен бөлүшүп, Кемпир-Абад иши менен кармалгандардын маселеси тууралуу суроого жооп берди.

Мурунку президенттин оюнда маселени камоолорсуз чечүүгө аракет болсо туура болмок.

«Бийлик Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө умтулганын түшүнөм. Бул Тажикстан менен болгон мамилени эске алганда абдан чоң жана маанилүү кадам. Бирок эч кимди камабай, элге ишенимдүрөөк аргумент келтирсе болмок. Антпесе эл аргументи жок, ошол үчүн камап жатат деп ойлойт. Албетте, биздин кошунабыз азыр Ислам Каримов эмес, Мирзиёев болгону жакшы. Анткени мен анын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон мамилеси кандай экенин билем», — деди Атамбаев.

Количество просмотров: 353