Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу корутундусун жөнөттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүн, 25-июндагы отурумунда билдирди.
Ал Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароо маселесин күн тартибине киргизүүнү сурады. Андан кийин парламентте каралышы керек.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген.