• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды

16 Кулжа 2022 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктады.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып коюлган.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан судья Мирлан Термечиков сот өкумун окуп Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча тең кылмыштын курамы жок болгондуктан актады.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев прокурор Атамбаевди Калыс-Ордодогу мектеп боюнча айыптоодон баш тартканын билдирген.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген.

Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 952