• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев ИИМге ЖМКлар аркылуу жооп берет экен

23 Теке 201915:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев  ИИМдин суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

“Экс-президент азыркы абалды чечүү максатында эгер тиешелүү суроолор ага кат жүзүндө жиберилсе, ЖМКлар аркылуу жооп берүүгө даяр. Тергөөнүн суроолоруна жооп кайтаруу менен, Атамбаев расмий билдирүү жасаганга даяр, бирок сурак иретинде эмес», — деди Слесарёв.

Эске салсак, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Количество просмотров: 12