• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев: Илмияновдун оозун жабыш үчүн камашты

19 Жетинин айы 2018 21:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
“Икрам Илмияновду коррупциялык иштерге аралашкандыгы үчүн эмес, Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайланган акыркы шайлоого байланыштуу өтө көп маалыматтарды билгендиги үчүн камашты” деди экс-президент Алмазбек Атамбаев.
«Камакка алуу кайсы бир жерде ашыкча сөз айтып салбай, анын оозун жабуу үчүн ишке ашты.  Ага карата бардык айыптоолор акырына чыкпайт.  Качандыр бир кезде ал абактан чыгып, чындыкты айып берээрине мен ишенем. Ошол себептен мен ага  «Сен буларга ишенбе. Бул жерде кал жана шайлоо тууралуу бардык чындыкты айт. Алар сени алдаганга аракет жасап, каалаган жагыӊа жибергендери менен сага кыянатчылык гана кылышат дегем», — деди Атамбаев.
Ошону менен катар  Илмиянов чындап коррупцияга аралашкан болсо ага жардамга келбей тургандыгын белгиледи.
Эске салсак,  Икрам Илмияновго ККнын 166-беренеси, “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 20-октябрында Москвадан кармалып, Бишкекке алып келинген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин камакка алынган.
Количество просмотров: 20