• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атамбаев көчмөндөр оюндарына катышпайт

22 Баш оона 2018 18:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.08.2018.Govori.TV.
2-сентябрда башталуучу III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарына экс-президент жана КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев катышпайт. Бул жөнүндө аталган партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева, азырынча расмий чакыруу болбогонун жана бул маселе карала элек экенин белгиледи. Ал эми  Атамбаевдин иш чарага чакырылгандыгы жөнүндө Өкмөттун басма сөз катчылыгы азырынча жооп бере элек.
Бул жылкы көчмөндөр  оюндарынын ачылышында Сооронбай Жээнбековдун катышаары айкын. Ажо алмашканы  маанилүү делген иш чараларга Алмазбек Атамбаев эмес экс-президент Роза Отунбаева көбүрөөк катышып калганын байкоого болот.
Количество просмотров: 14