Бишкек. 24.07.2019. Govori.TV
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди орусияга узатуу үчүн анын тарапташтары дагы деле топтолуп турушат. Бирок саат канчада үйдөн чыгып кетери туурасында маалымат жок. Журналисттердин айтымында Атамбаевдин үйүнүн жанында ондон ашык автоунаа жана кичи автобустар турат.
Ал эми, анын узатуу үчүн баргандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованы жолдошу менен көрүүгө болот, ошондой эле жаш активисттер, Кой-Таш айылына жакын жашаган тарапташтары жүрүшөт.
Чогулган анын тарапташтарынын ичиндеги аксакалдар батасын берип жатышат.
Журналисттердин санагы боюнча 100гө жакын адам чогулуп турат.
Ал эми Атамбаевдин эшигинин алдында кара түстөгү айнектери караңгылатылган автоунаалар тизилип турат.