• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Атамбаев камакта калды

16 Баш оона 201912:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 16-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүп, Атамбаедин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Ал 26-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочулары билдирди.

Алардын айтымында көчмө сот отурумун өткөрүү менен бир катар мыйзамдар бузулду.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароо жабык өтүп, ал жакка жактоочулардын башка эч кимди киргизген жок.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн УКМКнын абагына (СИЗО) жеткирилген. Ал 26-августка чейин камакка алынган болчу.

Количество просмотров: 13